Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 22.02.2019 22:54 На русском

Жумгалда агайлар кичи футболдук мелдешке түшүштү (сүрөт)

Turmush -  20-февраль күнү Жумгал районундагы билим берүү кызматкерлеринин арасында кичи футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун адиси Самара Мамышова билдирди.

Анын айтымында, ага райондогу жалпы 24 мектептин эркек мугалимдери, спорт мектептеринин мугалимдери катышып, күч сынашты.

Финалга 4 команда чыгып, анда 1-орунга Чаек айылынын мугалимдери келип 6000 сом, 2-орунду Дыйкан-Чоң-Дөбө орто мектебинин бириккен «Ынтымак» командасы ээлеп 4000 сом алышты. 3-орунду Миң-Куш, Өрнөк, Арал айылдарынан келген команда алып 3000 сом, 4-орунду Таш-Дөбө айылынын командасы ээлеп 2000 сом алышты.

Бул мелдешти Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук уюму өткөрүп, каржылап берди. Келген оюнчулар ысык тамак менен камсыз болушту.

6-мартта аял мугалимдер арасында волейбол, стол тенниси боюнча мелдеш өтөт. Спорттук мелдештер ар жыл сайын өтүп келет. Буга райондук билим берүү бөлүмү колдоо көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×