Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 09.03.2019 10:37

Зайырбек Бокешов Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Бокешов Зайырбек Көчөрович Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга чейин ал Нарын райондук мамлекеттик статистика бөлүмүн жетектеп келген.

Зайырбек Бокешов 1973-жылы Нарын шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1980-жылы Нарын шаарындагы №4 Ленин мектебине 1-класска кирип, андан кийин С.Мамбетов атындагы мектепке которулуп, аны 1990-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1993-жылы Бишкектеги кооперативдик техникумунан билим алып, даярдоону уюштуруу жана айыл чарбасынын товароведи адистигине ээ болгон. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алуусун улантып, каржы жана кредит адистиги боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун 1993-жылы Кыргыз эл банкында улук текшерүүчү болуп баштаган. 1994-2012-жылдары Нарын райондук финансы бөлүмүндө башкы адис, жетекчинин орун басары, жетекчинин милдетин аткаруучу кызматтарында эмгектенген.

Экономика министрлигинин, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана «Каржы жана экономикалык иштин отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×