Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 10.03.2019 11:12

Жумгалда майрамдын алдында күйөөсү аялын сабап өлтүрүп, өзү асынып каза болду

Turmush -  5-мартта Жумгал районунун Чаек айылында күйөөсү аялын сабап өлтүргөндөн кийин өзү асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, Жумгал РИИБге 5-март күнү саат 14:55 чамасында Чаек айылындагы үйлөрдүн биринде Д.К. аттуу адам жипке асынып каза болгондугу, жубайы үйүндө төшөктө жаткан абалда көз жумгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Алар күйөөсү үйдүн короосундагы 2 бөлмөлүү сарайга кирип, жипке тизелеп отурган абалда асынып алгандыгын такташкан. Ал эми 3 бөлмөлүү үйдүн ичинен жашы болжол менен 40-45 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Аталган адамдар Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары – 1968-жылы туулган Д.К. (күйөөсү) менен 1971-жылы туулган А.Н. (аялы) экендиги такталган.

Алардын денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда Д.К.нын (күйөөсү) денесинен күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Ал эми маркум аял Н.А.нын денесинде көк ала тактар болуп, күч колдонулган белгилер байкалган. Маркумдардын денелери Жумгал райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум Д.К. менен Н.А. 1 жылдан бери аталган даректе өздөрүнүн 1939-жылы туулган апасы Б.К. менен чогуу жашап жатышкандыгы такталган. Оозеки сурак жүргүзүү учурунда апасы баласы Д.К. менен келини Н.А. 4-март күнү уруша кетип, баласы келинин сабагандыгын айтып берген. Андан кийин эмне болгонун билген эмес.

Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×