Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 18.03.2019 10:40 Жаңыланды: 18.03.2019 20:01 На русском

«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында 5-мартта күйөөсү аялын сабап өлтүргөндөн кийин өзү асынып каза болгон. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден тастыкташкан эле. Аймактык кабарчы асынып каза болгон жарандын туугандарына кайрылды.

Маркум Кыргызбай Дербишовдун апасы — 1939-жылы туулган Кален Биялиеванын айтымында, уулу андан үч жолу кечирим сураган бойдон сыртка чыгып кеткен.

«Менин 6 балам бар эле. Экөөсү чарчап калган. Андан кийин 4 балам калды: 2 кыз, 2 эркек. Уулумдун (асынып каза болгон уулу) үйлөнгөнүнө 1 жыл эле болгон. Келиним миң-куштук. Бутум ооруйт, төшөктөмүн. Бутумду убагында туура эмес гипстеп, баса албай калгам. Өмүр бою мектепте иштедим. Өлөйүн десем жер катуу. Баламдын ордуна мен кетпейт белем. Жаш кезимде атаны деле көргөн жокмун, согушка кетип кайткан эмес. Апамдан 23 жашымда айрылгам. Пенсияга 70 сом менен чыккам, азыр 5 миң сом алам. Тагдыр ушинтип жазган тура. Аябай нааразымын, жашоо ушундай кызыктай. Өлбөгөндөн кийин отурат экенсиң, айла жок», - деди К.Биялиева.

Маркумдун агасы Казакбай Дербишов иниси андан 3 жаш кичүү экенин жана мүнөзү жоош, боорукер, таза адам болгонун эскерди.

«Иним менден 3 жаш кичүү болчу. 1972-жылы туулган карындашым Байзак айылында. Улуу эжем шаарда. Иним айылда үйгө жакын банктардын биринде кароолчу болуп иштечү. Ал 1968-жылы туулган, мен 1965-жылкымын. Иним келинчеги менен урушкан эмес. Жакшы эле сүйлөшүп, кечинде чай ичип жатышыптыр. Эртең менен эле иним мага телефон чалып, "байке, келинчегимди өлтүрүп алдым окшойт. Мага жайды чогуу казып көмүп койгула" деди. "Кой антпе, андай сөз менен тамашалаба. Келесоо болуп жатасыңбы? Дароо тез жардам чакыр" десем телефонду өчүрүп салды. Андан кийин мен теңтушума телефон чалып, "ушинтип жатат, үйгө барып келчи" дедим. Кайра тууган-урукка телефон чалдым. Биз болсо инимдикине кеч бардык.

Өлүкканага алып кетишиптир. Укук коргоо органдарынан келишиптир. Өлүктү соёлу дешти. Соттук-медициналык экспертиза дайындалыптыр. Иним шок болуп, тизелеп отуруп асынып алыптыр. Келин баланын денесинде эч кандай көк ала, сокку, жарака жок дешти. Башын да союп карашыптыр, баары таза эле дешти. Ичкилик ичкен-ичпегени 1 айдан кийин чыгып келет экен (экспертизанын корутундусу). Келиним тараптан өлүктү сойдурбагыла деген болчу. Орган кызматкерлери макул болушкан жок. Миң-Кушта бир тууганы бар экен, андан уруксат алышты», - деди агасы.

Апасы К.Биялиева: «Келиним 2 сааттай козголбой жатты. Уктап жаткан го деп ойлодум. Эмне кылабыз, кудайдын кырсыгы турбайбы. Балам эшикке чыгып бара жатканда: "Апа, кечирип коюңуз" деп 3 жолу кечирим сурады. "Каякка барасың?" десем, "эшикке чыгам" деди. Ичимден бул эмне эле кечирим сурап калды дедим. Эшикке чылым чеккени чыккан го деп ойлоп койдум. Бирок ошол бойдон кирген жок. Бир маалда кошуналар, тууган-урук келишти. Көрсө эшиктеги эски үйгө кирип асынып алыптыр. Келиним үйдө эбак эле үзүлүп кетиптир», - деди.

Окуя тууралуу:

Жумгал РИИБге 5-март күнү саат 14:55 чамасында Чаек айылындагы үйлөрдүн биринде Д.К. аттуу адам жипке асынып каза болгондугу, жубайы үйүндө төшөктө жаткан абалда көз жумгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Алар күйөөсү үйдүн короосундагы 2 бөлмөлүү сарайга кирип, жипке тизелеп отурган абалда асынып алгандыгын такташкан. Ал эми 3 бөлмөлүү үйдүн ичинен жашы болжол менен 40-45 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Аталган адамдар Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары – 1968-жылы туулган Д.К. (күйөөсү) менен 1971-жылы туулган А.Н. (аялы) экендиги такталган.

Алардын денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда Д.К.нын (күйөөсү) денесинен күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Ал эми маркум аял Н.А.нын денесинде көк ала тактар болуп, күч колдонулган белгилер байкалган. Маркумдардын денелери Жумгал райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум Д.К. менен Н.А. 1 жылдан бери аталган даректе өздөрүнүн 1939-жылы туулган апасы Б.К. менен чогуу жашап жатышкандыгы такталган. Оозеки сурак жүргүзүү учурунда апасы баласы Д.К. менен келини Н.А. 4-март күнү уруша кетип, баласы келинин сабагандыгын айтып берген. Андан кийин эмне болгонун билген эмес.

Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×