Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.03.2019 15:18 На русском

Видео — Ак үйдө отурган жумгалдык атамандар же Рыскелди Момбековдун тамашасы

Turmush -  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү Жумгал районуна барышты.

Депутаттар Рыскелди Момбеков (КСДП) менен Алтынбек уулу Жунус («Өнүгүү-Прогресс») жолдордун абалы менен таанышкан. Депутат Рыскелди Момбеков Жумгалга акимдин же өзүнүн кесиптештеринин чакыруусу менен келбегенин билдирди.

«Мени жаштар чакырышты, бул жакка келүүгө мажбурлашты. Кочкор районунан дагы шахта тууралуу кайрылышкан. Көйгөйлөрдү жеринде угуп, толук кандуу билиш үчүн келип отурам. Жолдун кемчиликтерин айтып, элдин таламын талашып чакырганыңарга ыраазычылык билдирем. Биз элдин өкүлүбүз. Бүгүнкү айтылган бардык маселелерди Жогорку Кеңеште көтөрөбүз. Бардыгы көңүлдүн борборунда болот.

Ак үйдүн 7-кабатынын баарын жумгалдыктар басып алган. Алты фракция болсо үчөөнүн атаманы жумгалдык. 2 комитетти жумгалдыктар башкарат. Мен аларга Жумгалга бара жатам жүргүлө десем, болбой коюшту. Көрсө жолуңар чатак экен. Кочкордон ичкен тамагым калбай калды көрүнөт.

Жол — бул мамлекеттин камкордугу, жолдор сапаттуу салынышы керек. Транспорт министрлиги коррупциянын көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Сотко жетпеген иш, соода менен бүткөн иш да. Кыйкырып кала берип жатабыз, жыйынтык жок. Эмне үчүн Орусия, Кытай, Америкада салынган жолдор 25-30 жыл чыдайт? А, союз мезгилинде салынган жолдор ушул күнгө чейин чыдады. Эмне үчүн жазда салынган жол кыштан чыкпай балмуздактай эрип кетип жатат?

Бир дагы транспорт министринин арты соо эмес, баарынын артында калбыры бар. Алды качып жатат, арты соттолуп жатат. Америкага, Россияга кетип жатышат. Бул жерде Транспорт министрлигинин өкүлдөрү отурат, бул силерге тиешеси жок. Силерде мурунку бир министриңердин схемасы иштеп жатат.

Кыргызстандын бүгүнкү тышкы карызы 4,4 млрд (4 млрд 480 млн доллар) доллар. Аны 6 млн элге бөлсөңөр. Ар бир төрөлгөн же эртең өтө турган адамдардын моюнунда 700-800 доллардан карызы бар. Ал карыздын баары кандайча пайда болгон? 3 млрд доллар жалаң жолдорго алынган насыялар. Мына, жолдордун абалын көрүп жатасыңар. Жол эмес, пол салсакпы деп айтып жатам. Ал арзан болот экен. Августта салынган жолдордо жарака кетти деп жатасыңар. Элүүлүк жыгачтан пол салсак, «ХОВО» эмес, танка каттаса да жарака кетпейт эле», - деди Момбеков.

Эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу «Кыргызжолтранс» жол долборлоо институту жол долбоорлоо ишин аткаргандан тышкары кайра жолду өздөрү көзөмөлдөшөрүн айтты.

«Бул мыйзам бузуучулук. Бири долбоор чийсе, башка ишкана көзөмөлгө алышы керек. Айылдын ичин аралап өткөн жолдордун курулушун, айылдын ичиндеги өтмөктөрдүн, элдин талаптарын эске алышыбыз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×