Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 26.03.2019 23:47

Байге фонду 500 миң сом: Жумгалда эркин күрөш боюнча республикалык ачык биринчилик өткөрүлөт

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылында 18-19-20-апрель күндөрү маркум Орозбек Орозалиевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча республиканын ачык биринчилиги өткөрүлөт.

Иш-чара спорттун бул түрүн жаш муундар арасында өнүктүрүү жана достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулууда. Ага 2002-2007-жылы туулган балдар катышат.

IMG_20190326_175444 Спорт чебери Орозбек Орозалиев 1951-жылы жарык дүйнөгө келип, 2009-жылы каза болгон. Союз мезгилинде кыргыз спортунун өнүгүшүнө көптөгөн салымын кошуп, өмүр бою келечек муунду спортко болгон мүмкүнчүлүгүнө, кызыгуусуна, жөндөмүнө жараша тарбиясын берип келген. Миң-Куштагы спорт мектебин жетектеп, машыктыруучу болгон.

Турнирди анын жакындары өткөрүп жатышат. Жалпы байге фонду 500 миң сом болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×