Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 28.03.2019 17:25

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Абу-Дабидеги турнирге учат

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Бириккен араб эмираттарынын Абу-Даби шаарына учушат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» командасынын өкүлү Саламат Тыналиев билдирди.

Анын айтымында, Абу-Дабиде дүйнөлүк чемпионаттын С тайпасына катышуу үчүн тандоо туру өтөт.

«Ал жакка 6 команда 1 эле жолдомо алышкан. Кудай буйруп, жеңиш менен келебиз деген үмүтүбүз чоң жана болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. 2017-жылдан тарта Кыргызстандын хоккей боюнча командасынын курамынын 60-70 пайызын жумгалдыктар түзүп келген. Жумгал — хоккейдин мекени. Бардык мекендештеримди хоккейди өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу дейт элем», - деди Тыналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×