Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 03.05.2019 10:37 На русском

Жумгалда айыл өкмөттөр арасында волейбол боюнча турнир уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу Чаек айылдык кеңешинин депутаты Сыргак Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, өтмө кубокко арналган турнир ай сайын ар бир айыл өкмөттө уюштурулуп келет.

«Биринчилерден болуп 23-февраль күнү райондун Байзак айыл өкмөтүндө өткөн. Андан кийин 23-мартта Кызарт айыл өкмөтүндө өтсө, апрель айынын соңунда Чаек айыл өкмөтүндө өткөрүлдү», - деди ал.

Чаек айылында өткөн оюнга Чаек айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары жалпы байге үчүн 35 миң сом чыгарган.

Турнирге жалпы 12 команда катышып, 1-орунду Таш-Дөбө, 2-орунду Чаек жана 3-орунду Куйручук айылынан келген командалар камсыздады. Ошондой эле, мыкты оюнчуларга диплом, баалуу белектер тапшырылды.

Ал эми кийинки өтмө кубокко арналган турнирди Доскулу айыл өкмөтү өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×