Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 27.05.2019 17:37

«Интернетке чыгарып эскертип туралыбы?»: Жумгалдыктар түнкү автобустун каттабаганына нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы тургундар БишкекЧаек каттамындагы түнкү автобустун каттабай жатканына нааразы болууда.

Айыл тургуну Гүлжамал Сейталиеванын айтымында, түнкү автобустар 2018-жылдын декабрь айынан бери каттай элек.

IMG-20170727-WA0047

«Биз улам интернетке чыгарып эскертип туралыбы? Түнкү автобустар качан каттап баштайт? Карапайым калк үчүн анын капчыкка ыңгайлуусу жакшы болчу. Элге шарт түзүп бергендин ордуна туңгуюкка такашат. Бизге түнкү көп орундуу автобус керек. Тез арада каттамды ишке киргизүүнү суранабыз» ,- дейт Г.Сейталиева.

Чаек автокассасынын кызматкери Болду Ажыгулова түнкү каттамды Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы башкармалык карап, Чыгыш автобекети тейлей турганын айтты. Ошондой эле түнкү автобустарды сураган жүргүнчүлөр көп экендигин билдирди. Ал эми райондун Кабак (Өрнөк) айылынын жашоочулары түнкү автобустун маршрутун Өрнөк айылына чейин узартууну суранууда.

Бишкек—Чаек жана Чаек—Бишкек каттамында таксилердин жол кире акысы 500-600 сом болсо, кичи автобустарга 350-400 сом алынат. Ал эми түнкү көп орундуу автобустун жол киреси 240 сом болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×