Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 28.05.2019 11:20 На русском

Чаектеги жаштар футбол талаасына көк майсан жасашты

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы жаштар Ш.Исабекова атындагы сейил бактын ичиндеги чоң футболдук аянтчага көк майсан (газон) жасашты.

Жаштардын төрагасы Марат Оторбаевдин айтымында, райондогу жаштар акча чогултуп, керектүү техникаларды жалдап, ашар жолу менен аталган аянтка көк майсан жасашкан. Ал эми көк майсандагы чөптүн уругун райондун мурдагы акими А.Исагулов берген.

«Жумгалдагы жалгыз чоң футбол аянтын жашылдандыралы деп ушул кадамга бардык. Бул көк майсандагы чөп ушул жылы өсүп чыкса, мындан ары чоң футболду жандандыралы деген максаттарыбыз бар», - деди М.Оторбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×