Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 31.05.2019 12:09

Жумгалда 57 млн сомго Кара-Дөбө суу сактагычынын курулушу жүрүп жатат

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Кара-Дөбө өрөөнүндө суу сактагычтын курулуш иши жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Дөбө суу сактагычы республикалык бюджеттен 57 млн сомго курулууда. Учурда аталган жайдын аймагында жер казуу, түздөө иштери жүрүп, бетон каналдар менен суу куюлмалар орнотулуп баштады.

Кара-Дөбө суу сактагычы ушул жылдын аягында ишке берилет. Ал пайдаланууга берилгенден кийин жалпы 400 га жерди суу менен камсыздап, кошумча 100 га жер иштетилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×