Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 13.06.2019 10:17

Жумгал районунда 4,5 миң га жерге зыяндуу чегирткеге каршы дары чачылды

Turmush -  Жумгал районунда зыяндуу чегирткелерди жок кылуу иштеринин алкагында жалпы 4,5 миң га жерге дары чачылды. Бул тууралуу райондук айыл чарба департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, райондун аймагындагы 3 айыл өкмөтүндө дары себүү иштери жүргүзүлгөн.

Зыяндуу чегирткелерди жок кылуу ишин Нарын регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү райондук айыл чарба департаменти менен биргеликте жүргүздү.

«Райондун Куйручук айыл өкмөтүндөгү 1800 га, Чоң-Дөбө айыл өкмөтүндөгү 1200 га, Баш-Кууганды айыл өкмөтүндөгү 1500 га жерге дары чачылды», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×