Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 14.06.2019 11:55 На русском

«Ай күлгөн айлуу түндө» же шыбагы түшкөн имаратка барган Жумгалдагы жоон топ

Turmush -  К.Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театрында драматург Э.Токтогуловдун «Ай күлгөн айлуу түндө» аттуу музыкалык комедиясы тартууланды.

Театрдын жамааты авариялык абалдагы сахнада спектакль аткарышты. Аны көрүүгө Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сапаров жана мекемелердин жетекчилери, кызматкерлер келишти.

Жумгал музыкалык-драма театрынын имараты 1934-жылы ашар жолу менен курулган. Ал 2013-жылы Мамэкотехинспекция тарабынан авариялык абалда деп табылып, чыгармачылык жамаат ишин токтоткон. Бирок ага карабастан айла жок спектаклдер коюлуп келет. Учурда театрдын чатыры тешилип, шыбактары түшкөн.

Драма театр 1936-жылы колхоз-совхоздор аралык театр катары маданият үйүнүн алдында уюшулган. Ал жерде кыргыздын белгилүү артисттери Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Мырсаалы Турсунбаев, Шарапат Жапарова, Сайра Өмүрканова, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгуловдор эмгектенишкен.

Ал эми жаңы имарат куруу долбоору 2018-жылдын «Капиталдык салымдар» беренесинин титулдук тизмесине киргизилген. Бирок өкмөт театрдын ордуна маданият үйүн куруу чечимин кабыл алып, каражатын чечкен. Бирок бул чечимге театр жамааты каршы болуп келишет.

Өткөн айдын соңунда өкмөт башчы М.Абылгазиев К.Акиев атындагы райондук музыкалык-драма театрдан кабар алып, театрдын капиталдык оңдоо долбоорун баштоого буйрук берип, толук кандуу театралдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бардык шарттар каралышы керектигин белгилеп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×