Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 14.06.2019 13:51

Жумгалдагы кабактык тургундар түнкү автобусту айылга чейин каттатууну суранууда

Turmush -  Арал—Чаек—Бишкек түнкү каттамы бул жолу 3 айга кечигип каттап баштагандыгын Жумгал автокассасынын башчысы Болду Ажыгулова билдирди.

Анын айтымында, 1-марттан баштап каттай турган көп орундуу автобус 1-июндан тарта каттап баштаган. Учурда күйүүчү майдын кымбатынан улам түнкү автобустун жол киреси 50-60 сомго көтөрүлүп, тургундар 300 сомдон төлөп жатышат.

Ал эми райондун этегиндеги Кабак (Өрнөк) айылынын 3 миңдей жашоочусу түнкү автобусту айылга чейин жүргүзүү үчүн өкмөткө, райондук бийликке жана Чыгыш автобекети менен көп орундуу автобустарды тейлеген фирманын ээлерине кат жолдоп кайрылышкан. Бирок ага жооп болгон эмес.

«Түнкү автобус биздин райондун борбору Чаек айылынан жөнөйт. Азыр биз жол жүрүүдө кыйналып келебиз. Ошондуктан түнкү автобусту Кабак айылына (Өрнөк) чейин жүргүзүп берүүңүздөрдү суранып кетет элек. Өткөн жылы мыйзамсыз түнкү маршруттук каттам ачып берип коюп, 17 адам жол кырсыкка кабылышкан. Ал окуядан кийин деле каттам токтогон жок. Бизге кичи маршруттук каттам эмес, чоң автобус керек», - деди пенсионер Жакып Султанкулов.

Ал эми Жумгал автокассанын башчысы Болду Ажыгулова Арал—Чаек—Бишкек түнкү каттамын Өрнөк айылына чейин узартуу боюнча жылда кайрылуу келерин, жогору жактан тааныш-билиштер болуп, ал айылдан маршруттук каттамды мыйзамсыз ачкандар түнкү автобусту Кабакка чейин жүргүздүрбөй жатканын айтат.

«Автобустун каттамын узартышса жакшы болмок. Буга чейин Кабак—Чаек—Бишкек каттамы ачылып, кичи автобустар каттачу. Бирок алар түнү менен жүргөнгө уруксатты мыйзамсыз алышкан. Азыр деле жүрүп жатышат. Өткөн жылы кичи автобус жолдон чыгып кетип, жүргүнчүлөр жабыркаган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×