Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 18.06.2019 15:11

Жумгалдын Кабак айылында ишкерлер арак менен кармалышты

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылындагы (Табылгыты) жаштар, активисттер мыйзамсыз ичимдик сатуу маселесин көтөрүп, тиешелүү тармактарга кайрылышкан. 20-апрелде Каржы полициясынын кызматкерлери Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жумгалга келип, мыйзамсыз спирт ичимдиктерин саткан соодагерлерди аныкташкан.

Айыл өкмөт башчысы Максат Самсалиевдин айтымында, буга чейин айылдын жүзгө жакын тургундарынан арыз түшкөн. Ал арыздарды Каржы полициясына жиберген. Натыйжада айылда мыйзамсыз ичкилик саткандар аныкталган. Алардын ичкилик сатууга эч кандай уруксат кагаздары жана лицензия, сертификаты жок болуп чыккан.

Буга чейин айылда спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлүп, ал колго алынган.

«Айылда апрелден бери ичимдик сатылбай, ырас болуп калган элек. Бирок кайрадан сатып башташты. Айыл жаштары соода-сатык кылган 5-6 дүкөндүн ээлерине эскертүү беришкен. Алардын көбү эл менен экендигин, бул демилгени колдоп, ичимдик сатпай турганын билдиришкен. Биз аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Бирок айылдын почточусу дагы деле сатып жаткандыгы тургундарды нааразы кылууда. Бул боюнча дагы текшерүү иштерин жүргүзүп, чоң өлчөмдө айып салууну суранабыз», - дейт айыл жашоочусу Жаныбек Карыбеков.

Ал эми айылдын почточусу Нурназ Мамырова орозо айынан бери ичимдик сатпай калганын жана айыл өкмөтүндөгү кызматкерлер анын соода ишинин жакшы жүрүшүнө ичтери күйүп жатканын айтат.

«Мен арак сатпай калгандан бери тескерисинче күчөдү. Спирт сатып кармалгандар кайра эле сатып жатышат. Ооба, менин ичимдик сатууга лицензиям жок болчу. Бирок сертификаттарым, патентим бар болчу. Салык төлөп келгем. Азыр мен арак сатпай калгам. Ишимдин алдыга жылганын көрө албаган айыл өкмөттөгүлөр мени эле аңдып калышты. Башкаларды биринчи тыйып алышсынчы. Сары-Булуңдагы эки жерде тынбай сатып жатышат. Айылга ошол жактан алып келишүүдө. Жөн эле каралай бергендин эмне кереги бар? Каржы полициясынан келишип, согуш убагындагыдай үйүмдү тинтип, болгон ичкиликтерди алып кетишти. Бир ооз эскертүү берилиши керек болчу», - деди Н.Мамырова.

Тема боюнча: Видео, сүрөт — Жумгалдын Кабак айылында мыйзамсыз арак саткандар кармалышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×