Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 19.06.2019 14:17

Жумгалда Дыйкан—Кара-Кече жолунун 5 чакырымы 1,5 млн сомго оңдолду

Turmush -  Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин балансында турган Дыйкан—Кара-Кече унаа жолуна кум-шагыл аралашмасы төгүлүп, орто оңдоо жумуштары бүткөрүлдү.

«Дыйкан—Кара-Кече унаа жолунун 27-чакырымынан 32-чакырымына чейинки аралыгы оңдолуп бүттү. 5 чакырым жолго кум-шагыл аралашмасын төгүп, орто оңдоо жумуштарын аткаруу үчүн Жол чарба департаменти 1 млн 500 миң сом акча каражатын бөлгөн», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул жолду оңдоого 1 погрузчик, 2 автосамосвал, 1 автогрейдер, 1 суу ташыган унаа жана 1 сүйрөмө техника тартылды. Ошондой эле 5 жумушчу эмгектеништи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×