Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 19.06.2019 14:35

Жумгалдын таза суу жетпеген аймагына 250 миң сомго суу түтүктөрү тартылды

Turmush -  Жумгал районунун Жумгал айылында бир чакырым жер казылып, суу түтүгү орнотулуп, айылдын ылдыйкы тарабы таза суу менен камсыз болушту.

Айыл өкмөт башчысы Майрамбек Исаковдун айтымында, буга чейин айылдын Бака-Жар аймагында суу тартыш болуп, кыш мезгилинде суу чыкпай калчу.

«Үзгүлтүксүз таза суу чыгаруу максатында айылда иштер жасалып жатат. Демөөрчүнүн жардамы менен 1 чакырым жерге суу түтүктөрү алынып, элдин күчү менен жер казылып, түтүктөр көмүлүүдө. Буга жалпы 250 миң сомдук каражат кетти», - дейт Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×