Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 01.07.2019 18:15 На русском

Миңдеген доллар тапкан Р.Жумуков — айылдагы байлардын бири

Рысбек Жумуков
Рысбек Жумуков
// Turmush

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну Рысбек Жумуков кыргыз жана кылчык жүндүү койлор менен герефорд тукумундагы уйларды багат. Анын бир жылдык кирешеси 13-14 миң долларга жетет. Чарбасы Баш-Кууганды айылындагы Жумуктун булуңунда орун алган.

Рысбек Жумуков 1977-жылы туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын кичүүсү. Билими орто.

Атасы Камчыбек Жумуков союз мезгилде 35 жыл мал баккан. Апасы Гүлжан Молдокеева абышкасы менен чогуу өмүр бою мал багып, кийин уулдарына өткөрүп берген. Азыр да балдарына кеп-кеңешин айтып, уул, неберелеринин колунда карылыктын доорун сүрүп, балпайган карыя болуп отурган кези.

«Эт багытындагы асыл тукум койлорду 10 жылдан бери багабыз. Учурда чарбада кылчык жүндүү (меринос) койдун саны 900гө жетет. Андан сырткары 50дөн ашык герефорд тукумундагы уйлар жана башка мал-жандыктар бар. Кылчык жүндүү койлор менен эт багытындагы герефорд уйларын багуу пайдалуу.

Өзүбүзгө тиешелүү менчик 15 га жерибиз бар. Тоютту ошол жерден даярдайбыз. Чарбага 1 жылда 150-200 миң сомдой чыгым кетет, ал көбүнчө тоют даярдоо, дарылоо иштерине сарпталат. Ал эми 1 жылда 13-14 миң долларга чейин киреше табам», - дейт Жумуков.

Фермер жумушчуларды сакмал маалында алып, аларга 8-10 миң сомго чейин эмгек акы төлөп берет.

«Мурун биздин козулар 12-15 кг салмакка чейин эт берчү, азыр 25 кг салмакка чейин эт берет (4 айдын ичинде). Уйлардын музоолорун, торпокторун мурда 12-15 миң сомго сатсак, азыр ургаачыларын 20 миң сомдон, эркектерин 30 миң сомдон сатып калдык. Малды сатуу үчүн базарга эле чыгабыз. Бизден кочкор алышат. Биз да жыл сайын кочкор жаңыртып, малды ар кандай ыкмалар менен багабыз. Чүйдөн кочкорлорду 3-4 айлык кезинде алып келип, аларды үйгө 5-6 ай коем. Адаптация болгондон кийин аргындаштырам. Мал багуу мурункудай эмес, азыр жеңил.

Биздеги көйгөй — ссуда. Өкмөттөн пайызы жок насыялар болсо жакшы болмок. Асыл тукум малдарды көбөйтөлү деген ой-тилек бар, бирок каржы тартыш. Өкмөт ушул ссуда жагын ойлонушса болмок», - деди ал.

Рысбек учурда үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы (2 эркек, 1 кыз).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×