Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 28.06.2019 10:30

«Тагдыр»: Сирожидиндин эпилепсиясы күнүгө 10 жолудан кармап, бутунун сөөгү сынып жатат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын 10 жаштагы жашоочусу Сирожидин Садыров тубаса майып. 3 жашында башына оор операция жасалган.

41 жаштагы атасы Эмилбек Ашырбековдун айтымында, Сирожидин 2009-жылы Миң-Куш айылында туулган. Акыл-эси артта, баспайт, өзү тамак иче албайт. Эпилепсия оорусу менен жабыркайт. Күндө эс-учун жоготуп, оорусу тез-тез кармап турат.

Отуз алты жаштагы апасы Аиданын айтымында, уулунун бутунун сөөгү сынып баштаган.

«Уулум бала кезден ооруп келет. Азыр эпилепсиясы күнүгө 10 жолудан, кээде 1-2 жолу кармайт. Ошол себептен баламдын бутунун сөөктөрү сынып жатат. Азыр ал белинен бери гипсте жатат. Бир жумада гипсти алдырып, бутуна лангетка кийгизиш керек экен. Ошондой эле Бишкекке алып барып, невропатологго көрсөтүп, дарылоо курсун алыш керек болуп жатат. Бизде жумуш жок, жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Баламды дарылатууга каражат жетишпей жаткандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылып жатабыз», - дейт апасы Аида.

Сирожидин үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0770 18 88 40, 0555 08 52 64 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×