Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 28.06.2019 15:50

«Дарлоо, көнүүгүүлөр, тартиб»: Жумгалдагы төрөт бөлүмүндө ката жазылган кулактандыруулар

Turmush -  Жумгал райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн кире беришинде илинип турган кыргыз тилиндеги эрежелер ката жазылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Төрөт бөлүмүндөгү бардык кулактандыруулар ката жазылган. Аны уялбай дубалдарга илип коюшкан. Эмнеге көз салып коюшпайт? 1-класстын балдарындай эле жазышкан. Бул деген туура эмес көрүнүш. Катачылык төрөтканадан эле башталабы деген ой келди. Буларды тез арада оңдоп, жаңыртуусун суранам», - дейт бейтаптардын бири Айдай.

Аймактык оорукананын директору каталар оңдоолорун билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×