Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 08.07.2019 10:54

Жумгалдагы дарыгерлерге жайлоого эс алууга жолдомолор берилди

Turmush -  Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы Соң-Көл маданият үйүндө дарыгерлерге Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата чакан майрамдык кече тартууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова жалпы ак халатчандарды майрамга карата куттуктап, жаш дарыгерлерге этно эс алуу жайлоосуна жолдомо тапшырды. Дарыгерлер ал жерге үй-бүлөсү менен барып, бээнин сүтүн, кымыз ичип, ден соолугун чыңдашат.

Ошондой эле алдыңкы дарыгерлер жана үзүрлүү эмгектенгендер райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Иш-чара райондук маданият кызматкерлеринин чакан концерти менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×