Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 08.07.2019 16:04 На русском

Ошто тайганчынын кашын жаанын жебеси жырып кетип… Б.Акматованын окуялары

Turmush -  Бермет Акматова 1997-жылы 20-майда Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында туулган. Ал учурда жаа атуу өнөрү менен алек. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

Бермет үй-бүлөдө 4 бир тууган, өзүнөн улуу 2 агасы, 1 эжеси бар. Атасы Апыш Акматов 56 жашта, учурда Байзак айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн башчысы. Апасы Чынара Медербекова 52 жашта, үй кожейкеси. Бермет учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

«Жаа атуу менен 2 жыл мурун машыгып баштагам. Машыгып калышыма курбу кызым түрткү болду десем болот. Курбум Аяна Кадырбекова экөөбүз сабакта отурганбыз. Курбума устатыбыз телефон чалып, «7 облустан кыздарды алып жатам, келбейсиңерби» деди. Биз дароо «макул» деп, окууну унутуп шашкан бойдон кеткенбиз (күлүп). Ошол күндөн баштап жаа кармап, облустарды кыдырып, ийгиликтерди багындырдым жана көптөгөн тажрыйба алдым. Жакында эле Сауд Арабиясында өткөн фестивалга да бардым. Алдыда дагы көптөгөн жерлерди кыдырып, Кыргызстандын желегин желбиретсем деген максаттарым бар», - деди Б.Акматова.

Балалыгы аталган айылда өткөн Бермет эрке жана эркек мүнөз болуп чоңойгон. Жалаң эркек балдар менен ойноп, шок кыз атка да конгон.

«Балалык дегенде шоктугум эсиме түшөт. Аябай эрке жана эркек мүнөз болчумун. Көбүнчө эркектер менен ойноп чоңойдум. Бала кезде шок кыз атка да конгом.

Жашоомдо күлкүлүү окуя көп эле болот. Мени негизи үйдөгүлөр актриса болсоң болмок деп калышат. Барган жеримдеги адамдарды күлдүрүп жүргөнгө аракет кылам. Бирөөлөрдү туурамай жайым бар. Мектепте окуп жүргөндө бир эжейди туурай коем деп уруш жегем. Журналистикага кызыгуум жок болчу, бирок 2-курстан баштап кызыга баштагам. Азыр эч өкүнбөйм. Журналистикага апам сүйрөп барып тапшырткан (күлүп).

Алдыда пландар өтө көп. Буюрса алдыда көптөгөн оюндар бар. Салбурун оюндарына жана Таласта өтө турчу Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жүрөм. Жумгалдан жалгыз жаачы болгондуктан улуу өнөрдү унутта калтырбай, өзүмдүн тажрыйбамды бөлүшүп, шакирттерди алып чыккым келип жүрөт.

Негизи жаа атуу өтө кооптуу. Эң алгач жаа кармап жүргөн кезимде Ош шаарында салбурун оюну болуп калды. Жаа атылып жатканда бир тайганчы байке байкабай мишендин жанынан өттү. Ошондо жебе кашын жырып кеткен. Көзүнө аз эле калган. Кудай сактаган, эстесем аябай корком.

Көп эле сынактарга катышып 3-орундарды алып жүрөм», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×