Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 09.07.2019 14:57

Жумгалдагы А.Карасартова атындагы китепкананын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүндө А.Карасартова атындагы №14 китепкананын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылыш аземине Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Исакова, райондук маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Китепкананын жаңы имаратынын курулушу 2017-жылы башталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн 424 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×