Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 15.07.2019 18:15

Жумгалдыктар футбол талаасын оңдоо үчүн каражат топтошот

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы чоң футбол талаа кейиштүү абалда турат. Мындан улам айыл жаштары спорттук иш-чараларды өткөрүп, демөөрчүлөр тарабынан байгеге коюлган акчалай сыйлыктарга футбол талаасын оңдотууну максат кылышууда.

Жакында эле айыл жаштары футбол мелдешин уюштурушту. Бул оюнга жалпысынан 6 команда катышып, 1-орунду «Центр» командасы алса, 2-орунду РТС аймагы, 3-орунду «Чукур» командасы ээледи. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бирок сыйлыкка делген каражат футбол талаасын оңдоого жумшалат.

Кийинки оюн айылдын башка аймагында уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×