Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 24.07.2019 17:37

Жумгалда кара куурай терип жүргөн жигит кармалды

Turmush -  Жумгал районунда кара куурай терип жүргөн жигит кармалды.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 03:15 чамасында Миң-Куштагы милициянын аймактык бөлүмүнө тургундар тарабынан Арал айылында белгисиз адамдар кара куурай терип жүрөт деген билдирүү келген. Аталган билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, Токмок шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.у.Ж. кармалды. Анын жанынан целлофан баштыкка салынган спецификалык жыты бар чөп алынган. Аны таразага тарткан учурда салмагы 20 граммды түзгөн.

Буга чейин Жумгал районунун аймагында кара куурай өскөн аянттар такталып, аларды чаап жок кылуу иштери уюштурулган. Натыйжада 3 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×