Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 24.07.2019 17:58

Жумгалда 3 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Turmush -  15-20-июль күндөрү Жумгал районунун аймагында өскөн кара куурайлар жок кылынды.

Маалым болгондой, Көк-Ой айылына караштуу Кичи-Арал участкасындагы 65 сотых, Арал участкасындагы 50 сотых, Туюк-Аралдагы 20 сотых, жалпы 1,5 гектар жердеги жапайы кара куурайлар чабылып, өрттөлүп жок кылынды. Өрттөлгөн кара куурайдын салмагы 1 тонна 400 килограммды түздү. Ушундай эле иш-чара Кабак айылында да өткөрүлүп, Киндик участкасындагы 80 сотых жерден жалпы салмагы 1 тонна 500 килограммды түзгөн карай куурай жок кылынган.

Бул иштер Жумгал районунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга, жүгүртүүгө, таратууга жана баңгизаттык мүнөздөгү өсүмдүктөрдү айдап өстүрүүгө каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында Жумгал РИИБдин кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×