Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 26.07.2019 16:43

Жумгалда 2 шектүү унаа токтотулду. Андан эмне табылды?

Turmush -  Жумгал районунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга, жүгүртүүгө, таратууга жана баңгизаттык мүнөздөгү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында 23-24-июль күндөрү «Көмүскө жай» жана «Көпөлөк» аталышындагы операция өткөрүлдү. Ага Жумгал РИИБдин 25 кызматкери, 2 автотранспорт тартылды.

Рейддин алкагында мурда баңгизат менен кармалып соттолгон тургундарга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрдү. Мындан тышкары дары-дармектер менен соода кылган жайлар текшерилди. Аны менен катар Арал, Чаек, Байзак айылдарына атайын посттор уюштурулуп, райондун аймагындагы автоунаалар текшерилип, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2 унаа шектүү катары токтотулган. Биринчи унаадан өзгөчө спецификалык жыты бар ак капка салынган чөп табылган. Аны таразага тарткан убакта салмагы 4 кг 525 граммды түзгөн. Ал эми экинчи унаадан өзгөчө спецификалык жыты бар көк баштыкка салынган чөп алынган. Аны таразага тарткан убакта салмагы 1 кг 300 грамм болгон.

Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки иштер тергелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×