Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 30.07.2019 16:58

Орто-Куугандыда аким баш болуп таза сууга жетпей келишет

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын Орто-Кууганды айыл аймагындагы Ж.Көчөров көчөсүнүн жашоочулары таза сууга жетпей келет.

Алардын айтымында, Орто-Кууганды аймагы таза суунун башында, тоо тарапта жайгашкан.

«Күндө эртең менен чакалап суу ташыйбыз. Таңкы саат 05:00дөн саат 07:00гө чейин бир суу чоргодон болгону 10го жакын чака суу чыгат. Жетишкенибиз алып, жетишпегенибиз суусуз калабыз. Мындан улам күнүмдүк тиричиликке арыктагы суудан колдонууга туура келет. Негизи суу жетиштүү, бирок сууну туура колдонбой келебиз. Себеби, таза суу төмөнкү жактан жогору карай келет. Төмөнкү аймактын тургундары чарбактарын сугарышат, курулушка колдонушат. Ошентип бизге суу жетпей калат. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө бир нече ирет кайрылдык, жыйынтык жок. Район акими да ушул аймактан, ал да таза суусуз отурат», - дейт тургундар.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Качкынбаев суу курулмасы тар экенин билдирди.

«Таза суу 90% элдин үйүнө киргизилген. Үйүнө дегеним короосуна тартылган. Болгону 35 түтүн эл үйүнө киргизе элек. Суу туура эмес багытта колдонулуп жатабы деп комиссия менен кыдырып чыкканбыз. Андай эмес экен. Болгону суу курулмасы тар болуп, суу элге толук жетпей жатат. Биз дагы бир булакты 2 чакырым жерден тартып келүү үчүн долбоор жаздык. Кореядан келген ишкерлер да колдоо көрсөтөбүз деп кетишкен. Азырынча каржы тартыш болуп турат. Суу айылдын төмөн жагына түшүп, кайра жогору жакка кетет», - дейт К.Качкынбаев.

Ал эми район акими Адыл Сапаров чынында айылда таза суу тартыш болуп жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×