Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 31.07.2019 09:39

Жумгалда Көкөмерен дарыясынын жээгинде жашаган өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан сууга жакын жайгашкан аймактарга эскертүү такталары орнотулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Жайкы эс алуу убагында өспүрүм балдар көп убактысын чоңдордун көзөмөлүсүз өткөрүп жатышат. Анын айынан ар кандай кырсыктар болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ата-энелер балдарын кароосуз калтырбашы керек», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ошондой эле, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Жумгал суусунун жана Көкөмерен дарыясынын жээгинде жашаган балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×