Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 31.07.2019 15:25

Жумгалдын шайыр апалары Түркиядагы фестивалга катышат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы маданият үйүндө «Мыскал» шайыр апалар тобу менен Ч.Дүйшеева атындагы искусство мектебинин окуучуларынын концерти болуп өттү.

Алар Түркиянын Афьонкарахисар шаарында өтө турган түрк тилдүү элдердин фестивалына катышуу үчүн каражат топтоп жатышат. Ал жерде «Мыскал» шайыр апалар тобу кыргыз элинин улуттук кийимдерин, музыкалык аспаптарын таанытып, өнөрлөрүн тартуулашат.

Аталган топ 2017-жылы республикалык сынакта 2-орунду, жакында эле өткөн түрк тилдүү элдердин фестивалында баш байгени жеңип алган. Аларга 25-августтан 31-августка чейин Түркияда өтө турган фестивалга жолдомо тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×