Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 31.07.2019 20:58

Жумгалдын Нарзан аймагында алтын кенин чалгындоо иши жүрүүдө, - аким

Адыл Сапаров
Адыл Сапаров

Turmush -  Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Нарзан аймагында алтын кенин чалгындоо иштери жүрүп жатат.

Район акими Адыл Сапаров билдиргендей, бул алтын кени боюнча 2014-2015-жылдары аукцион өтүп, түрк компаниясы утуп алган.

«Мурун союз учурунда изилденип, 5 тонна алтын бар деп айтылган. Азыр дагы изилдөө иштери жүрүп жатат, ал 2020-жылы бүтөт. Андан кийин иштетүү боюнча маселе көтөрүлөт.

Булар чалгындоо иштерин жүргүзүп, канча запас бар экенин аныкташат. Мамгеологияга баланска койдуруп, уруксат иштерин алып, андан кийин казуу иштерин жасашат го деп ойлоп жатабыз. Бизде кендин баары тоодо жайгашкан. Химиялык зат колдонулбаса суулар таза эле болот. Алтын казуу боюнча айыл элинин 90 пайызынын маалыматы бар. Андан бөлөк райондогу бардык айыл өкмөттөрдөн уруксат кагаздарын алышкан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×