Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Нарын облусуЖумгал району 01.08.2019 16:55

Жумгалдагы дарылык касиетке ээ сууну колдонуу үчүн завод курулат

Адыл Сапаров
Адыл Сапаров

Turmush -  Жумгал районунун Кара-Кече өрөөнүнөн орун алган Нарзан минералдык суусу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин каттоосуна алынды.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров билдиргендей, 2020-жылы ден соолукка пайдасы бар суу кеңири пайдаланылып баштайт. Ал үчүн Кара-Кече аймагына суу заводу курулат. Азырынча инвесторлор лицензия алуу иштери менен алек.

Нарзан суусу — дарылык касиети бар минералдык суу болуп саналат. Райондун борбору Чаек айылынан 40 чакырым түштүк тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы Катыраң-Сайдын боюнда, деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан. Ал суу 1947-жылы табылып, 1960-1966-жылдары изилденген. Булактар карбон мезгилинин акиташ тектери менен юранын көмүрлүү чополорунун чегинде тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, температурасы 3-4 градус. Суунун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу суулардан кем эмес. Сууну жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоого колдонушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×