Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 12.08.2019 15:31

Жумгалдын тургуну Чаектеги соодагерлердин кылык-жоругуна нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын борбордук көчөсүндө тазалык сакталбай келет. Бул тууралуу айыл тургуну Рыскүл Сейитказиева билдирди.

Анын айтымында, соодагерлер көчөгө пол жууган чүпөрөктөрүн таштап, тазалыкты сакташпайт. Жолдун боюндагы суу чоргосун ачкан бойдон бир топко калтырып коюшат.

«Чаектеги көпчүлүк дүкөндөрдүн артында кошумча эшиктери жок. Өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп бербейт. Полдорун жууган сууну таза суу чыккан суу чоргосунун айланасына, арыкка жана жөө жүргүнчүлөр өткөн жолго төгүшөт. Айылдарда таза сууга жетпей жатса, булардын кылганы ушул. Санитардык норма жана сатуучунун эрежелери сакталган эмес. Сууну ушундай колдонобузбу, буларга кандай чара көрүлөт? Сууну агызып койбой, сарамжалдуу колдонуу керек эле», - дейт Р.Сейитказиева.

Бул маселе боюнча Чаек айыл өкмөтү тартип чарасы көрүлөрүн билдирсе, Жумгал райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери соодагерлерге акт түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтышты.

Жакында эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Гүлбарчын Исакова 18 адамдан турган комиссия менен райондун борборун кыдырып, тазалык, тартип жана коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×