Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.08.2019 16:39

Баш-Куугандыда 2,6 млн сомго оңдоодон өткөн эгин сактоочу кампа ишке берилди. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылында 1967-жылы курулган кампа реконструкциялоодон өтүп, ишке берилди. Ага 300 тоннага чейин эгин сакталат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымды.

Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Рахатбек Жумуковдун айтымында, аталган кампага 2 млн 600 миң сом каражат корогон.

«Бул кампа 1967-жылы курулуп, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөөдөн өтүп, дыйкандарга эгин сактоо үчүн берилди. Былтыркы жылы биздин айылдын тургундарынын талабы менен Рынокту жана мал чарбаны өнүктүрүү долбооруна сунушталып, быйылкы жылы каржыланды. Жалпы 2 млн 600 миң сомго оңдолду. Айыл өкмөт тарабынан өздүк салым катары 140 миң сом каралган. Бул кампага 300 тоннага чейин арпа, буудай сакталат. Эгин тазалоочу машинасы жана эгин чабуучу жабдыктары да бар», - деди ал.

Аталган айылдын дан эгиндерин айдай турган аянты — 320 га. Ал эми калкынын саны — 3136. Эс алуучу сейил багында 12 түр өсүмдүк өсөт.

Жумгал токой чарбасынын башчысы Талантбек Идирисов: «Өсүмдүктүн 12 түрү өскөн сейил багы 2015-жылы уюштурулган. Ага айылдын тургундары байма-бай келип эс алып турушат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×