Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.08.2019 20:14

Байзактагы Орто-Кууганды суу курулмасы. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районуна караштуу Байзак айылындагы Орто-Кууганды суу курулмасы үстүбүздөгү жылдын май айынан бери иштеп жатат.

Байзак айыл аймагынын башчысы Кайрат Качкынбаевдин айтымында, суу курулмасы 2018-жылдын күз айында курулуп баштаган.

«Былтыркы жылы долбоордун алкагында тендер жарыяланып, аны утуп алганбыз. Бизге 27 млн 500 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган. Азыркы тапта суу курулманын 27%ы бүтүп, ишке берилген. Май айында дыйкандарга суу берилди. Курулушту толук бүткөрүү үчүн 8 млн 8 миң сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө дагы суу курулмалары курулууда. Долбоор 2020-жылы толугу менен бүтөт», - деди ал.

Байзак айылынын суу баскан аянты 1100 гектарды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×