Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуКочкор району 16.08.2019 09:15 На русском

«Жардамга!»: Сууга секирген баланын өлүм менен өмүрдүн ортосундагы мүнөттөрү

Turmush -  Кочкорлук окуучу көлгө чөгүп жаткан баланы сактап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Каракол шаарындагы пляжда катамаранда бара жаткан мектеп жашындагы бала көлгө секирип кетип, чөгө баштаган. Ошол жерде мектеп окуучуларынын туристтик-спорттук ачык мелдештерине катышуу үчүн Жалал-Абад жана Нарын облусунан келген окуучулар эс алып жатышкан. Алардын ичинен Кочкор районунан барган Мирлан Биримкул уулу көлгө секирип түшүп, баланы жээкке аман-эсен алып чыккан. ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы Биримкул уулу Мирланды ардак грамота менен сыйлады.

Биримкул уулу Мирлан Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

«Биз достор менен сууга түшүп жаткан элек. Бир маалда көлгө түшүүгө уруксат берилбеген, жээктен алыс, терең жагында катамаранда бара жаткан адамдардын «жардам, жардамга» деп кыйкырып жатканын угуп калдым. Карасам бир адам чөгүп жатыптыр.

Баланын бирде төбөсү, бирде колдору көрүнө калып жатты. Ойлонуп турбастан чабак уруп жетип, куткаруунун туура ыкмасын колдонуу менен жээкке алып чыктым. Мен куткарган Рустам аттуу бала Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан экен. Анын ата-эне, туугандары келип ыраазычылыгын айтышты. Мен сууга сүзүүнүн спорттук стилдерин мугалимим Замир Алдаяровдон үйрөнгөм. Ал Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде автордук «Бассейн-Гүлбакча» долбоорун жетектейт. Ушул долбоор аркылуу беш жыл машыгуудан өткөм», - деди Мирлан Биримкул уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×