Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.08.2019 16:52

Чаектиктерди унаа тетиктери өрттөнгөн таштанды жай тынчсыздандырууда. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы дүкөндүн жана мамлекеттик мейманкананын жанында жайгашкан таштанды жайы өрттөнүп жатат.

Тургундардын айтымында, бул жай күндө өрттөнүп турат. Таштанды төгүлүүчү жайдагы урналар өрттөн улам карарып бүткөн. Бул ирет таштандыга ыргытылган унаа тетиктери өрттөнүп, түтүн каптап, жанындагы жашоочуларды тынчсыздандырды.

Жергиликтүү жашоочулар унаа оңдоо жайындагылар унаанын тетиктерин ушул жерге ыргытарын айтышты. Ал эми аталган жайлардын ээлери бул дооматты четке кагышты.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Айгүл Токтоналиева бул көрүнүш көзөмөлгө алына турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×