Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.08.2019 13:45 На русском

Айыл турмушу: Жумгалда 44 жаштагы К.Сейдакматов эгиндерге дары чачуучу жабдык жасады

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну, дыйкан чарбанын мүчөсү Кубан Сейдакматов мол түшүм алуу жана жер кыртышын жакшыртуу максатында атайын айыл чарбасына керектүү жабдыкты курап чыкты.

«Жерибиз арыктап, эгин, чөбүбүз өспөй кыйналгандыктан ушул жабдыкты ойлоп таап, жасап чыктык. Муну Чүй облусунан көрүп келип жасадык. Эксперимент жүргүзүп көрдүк, баары жакшы. Ал атайын тракторго байланып, 500 литрлик челеги менен жасалган. Суюк дары же жер семирткичтерди челектеги сууга кошуп эле чача беребиз», - дейт Сейдакматов.

Ал учурда 44 жашта. Дыйкан чарбанын мүчөлүгүнө 10-классынан эле кирген. Азыр трактор, оор жүк тарткан унаа башкарып, мал багат. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×