Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.08.2019 14:15

Жумгалда жаңы футбол аянтчасынын жанына сейил бак курулууда. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында жаңы футбол аянтчасы быйылкы жылы ишке берилип, анын жанына сейил бак курулууда.

Айыл өкмөт башчысы Рысбек Кудайбергеновдун айтымында, бул иштер коомдук ишмердин каржылоосу менен ишке ашып жатат.

«Айылыбызда буга чейин балдар ойноочу футбол аянтчасы жана айыл тургундары эс алуучу сейил багы жок эле. Айылыбыздагы коомдук ишмердин колдоосу менен футбол аянтчасы толугу менен бүтүп, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде ишке берилген. Ал эми сейил багыбызга 2000 көчөт отургузулуп, бирок толугу менен бүтө элек. Кийинки жылы отургучтарын биз каржылап беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×