Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.08.2019 17:29

Жумгалдын Ак-Татыр айылында таза суу үнөмдүү пайдаланылбай жатат, - тургун (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылында таза суу үнөмдүү пайдаланылбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Самат Асанкулов билдирди.

Анын айтымында, суу чорголору бекибей, суу аккан боюнча тура берет.

«Сууну сарамжалдуу эле колдонолу дейбиз. Бирок суу чоргодон суу токтобой, дайыма агып турат. Төмөнкү айылдарга жана ички көчөлөргө суу жетпейт. Айыл өкмөтүнөн көзөмөлдөгөн киши деле жок. Таза суу жөн эле жерге сиңип жатат. Бул маселе айыл өкмөтүнө айтылган. Бирок чара көрүлгөн жок», - дейт Асанкулов.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов бул суу чорголору көзөмөлгө алына турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×