Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.08.2019 21:00

Байзакта шамал болгон сайын электр жарыгы өчүп, тургундар убара тартууда

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы Жумалы Көчөров атындагы көчөдө шамал болгон сайын электр жарыгы өчүп, элди убара кылып келет.

Айыл тургундарынын айтымында, аталган көчөнүн жогору жагында тургундардын бак-дарактары электр чубалгысына жакын тигилген. Шамал болгондо ал бактар электр чубалгыларына тийип, электр жарыгы өчүп калат.

«Айыл өкмөтү жана райондук электр тармактар ишканасы бак-дарактарды кыйдырбаса болбойт», - дейт айыл тургуну Айзада Жаныбек кызы.

Ал эми Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Качкынбаев бак-дарактарды кыйдыруу жана электр чубалгыларына жакын жайгашкан бутактарды кыркуу иштери жакынкы күндөрү райондук электр тармактар ишканасы менен бирге жүрө турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×