Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.08.2019 10:15

Байзактын айрым тургундары Бокчубаев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун жоктугуна нааразы

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы Тенти Бокчубаев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун жоктугунан жашоочулар унаа өтүүчү жол менен басууга туура келет.

«Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду огород кылып тосуп алышкан. Айрымдары көчөдө жайгашкан арыктарды, электр мамыларын огороддоруна киргизип курчап алышкан. Буларды кызыл сызыктан чыгарбашыбыз керек. Бардыгы мыйзамды сыйлашы шарт. Бизге жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол керек. Жашоочулар, балдарыбыз ушул чоң көчөдөн басышат. Өтө кооптуу. Унааны катуу айдаганы, жай айдаганы да бар. Кырсык каш-кабактын ортосунда», - деди Балыкчы Турсунов.

Ал эми Жазгүл аттуу тургун бир эле борбордук көчөдө эмес, башка 3-4 көчөдө да ушундай эле көрүнүш экенин билдирди.

«Бир жылдык бюджетибиз 12-13 млн сом. Байзак айылында 5-6 узун көчө болсо, анын баарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол каралган эмес. Ал эми жашоочулар көчөнү өз билемдик менен тосуп алышкан. Буга тез арада көңүл буруп, мыйзамсыз тосуп, чектен чыккандардын чегин жылдырып, көчөнү бир калыпка келтирүү керек», - деди ал.

Айыл өкмөт башчы Кайрат Качкынбаев акырындык менен тургундардын огороддору, тосмолору алынып жатканын айтты.

«Мен кызматка келгенден бери ушул жол маселелерин, арыктар жана ирригациялык зоналарды, таза суу тармагын жакшыртууну карап келебиз. Азыр көчөгө чыгып кеткен тургундардын огороддорун жылдыртып, тосмолорун алдыртуу иштерин баштадык», - деди Качкынбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×