Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.08.2019 13:31 На русском

Жумгалдагы Ногойбаев атындагы мектептин жаңы имараты 1-сентябрга даярбы?

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты быйылкы окуу жылына даяр эмес, деп билдиришти айыл тургундары аймактык кабарчыга.

Алардын айтымында, өткөн жылы эле пайдаланууга бериле турган мектеп толук бүтпөй, ички эшик жана терезелери орнотула элек. Класстардын полдору сырдалбай, ашкана менен спорт залдын курулуш иштери, суу киргизүү, пайдубалынын сыртын сыйрып, аны кайра жасоо, электр жарыгын орнотуу жана башка жумуштары калган.

«Жаңы мектеп курулуп бүтсө жакшы болот эле, эски мектептин абалы абдан жаман. Жаңы мектеп качан бүтөт билбейм. Неберелерим, балдарым жаңы мектепке кирип окуйбуз деп сүйүнүп жатышкан. Жаңы окуу жылынын башталышына 10 эле күн калды», - деди айыл тургуну Алтын Аралбаева.

Айыл аксакалдарынын бири Жээнбек Дадиев мектеп сапаттуу курулду дегенге ишенбей турганын айтты.

«Бул мектеп бүткөн күндө деле канча жылга чыдай турганын билбейм. Эски мектеп мен төрөлгөн жылы курулган. Азыркыга чейин чыдады. Сыналгыдан курулган мектептер тез эле талкаланып жатканын көрүп жатабыз. Сапатсыз куруп жатышпайбы. Өзүңөр көргөндөй 5 жылдан бери ушул мектебибиз бүтпөй койду. Комиссия улам текшерип, муну курган компаниянын ээсине да кылмыш иши козголуп, суралып чыкты», - дейт ал.

Ал эми Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева мектеп ушул окуу жылына даярдалып, курулуш иши бүтмөк деген жооп айтса, район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова 1-сентябрда окуучулар жаңы мектепке бара турганын жана мектептин спорт залы 1-октябрда толук бүтүп, пайдаланууга берилерин билдирди.

«Мектепти куруп жаткан компаниянын жетекчилерин камактан чыгарып, жаңы окуу жылына курулуш ишин бүтүрүшү керек деген милдет коюлган. Учурда иштеп жатышат, мектеп 1-сентябрда бүтөт, ал эми спорт залы октябрга барат», - деди Исакова.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөөчүсү Темирбек Сапаралиев Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушундагы кемчиликтер кайрадан оңдолуп жаткандыгын айтты.

«Курулуш иштери 2-3 айга токтоп калган, азыр мектептин А-Б блогу бүткөн. Буюрса 1-сентябрга чейин калган иштери бүтөт. Бүгүнкү күндө кошумча жумушчулар тартылган. Мектептин фундаментинин сыртына чапталган парапет алмаштырылат. Мурдагы сапатсыз чапталганы алынды. Себеби 3 жылдан бери бул жер бошоп, жаракка кеткен. Аларды алып таш менен койгону жатабыз. Мындан сырткары мектептин сырткы өңү өчүп калган, аны сырдайбыз. Мектептин кире беришинде кафель чапталган, аны да сыйрып салдык. Себеби, кафель кышкы мезгилде тайгак болуп, окуучуларга кооптуу. Буюрса В-Г блогун 1-сентябрга чейин бүтүрөбүз. Жылуулук тармагы менен спорт залы октябрда бүтөт. Негизи мектептин курулушунун кечеңдеши — биринчиден бюджеттин тартыштыгы, экинчиден ар бир курулушта кемчиликтер болот. Азыр да мамлекеттик бюджеттен 2,1 млн сом акча калган, аны күтүп жатабыз. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин анын сапатына кепилдик берилет», - деди Сапаралиев.

Ал кошумчалагандай, учурда мектептин абалы менен таанышуу үчүн КРдин Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев иш сапары менен Жумгалга келе жатат.

Буга чейин Нарын Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куруп жаткан курулуш компаниясынын жетекчиси мектепти куруу учурунда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирди деп камакка алынган.

2014-жылы Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Авангард-Строй» ЖЧКсынын ортосунда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратын куруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Жаңы имараттын сметалык баасы — 64 млн 844 миң сом. Келишимдин негизинде курулуш иштери 2016-жылдын ноябрь айында аяктамак.

Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде жалпы 600 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×