Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.08.2019 11:23

Жумгалда «КамАЗ» унаасы кырсыкка кабылып, бир адам жабыркады. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунда жол кырсык катталып, бир адам жабыркады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык 21-августта саат 12:20 чамасында Кочкор—Жумгал унаа жолунун 58-чакырымындагы Кызарт айылында катталган. Кочкор районунун Теңдик айылынын 1971-жылы туулган Ж.Ж. аттуу тургуну «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, алдындагы унааны сүзүп токтогон.

Алдын ала маалыматка караганда, жол жаңы курулуп жаткандыктан алдыдагы унаа көрүнбөй калган. Жүк ташуучу унаанын рулу чыгып кеткен.

4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Жабырлануучуну Кочкор райондук аймактык ооруканасындагы дарыгерлер текшерген, анын абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×