Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.08.2019 11:59 На русском

«Көпчүлүк эркектердин колунан келбейт»: Дан эгиндерди чаап, комбайн башкарган 65 жаштагы Жамила апа

Turmush -  Жамила Тойчубекова учурда 65 жашта. Ал районго аты таанылган жалгыз фермер айым. Учурда Жумгал районунун аймагында эгилген дан эгиндерин ар бир айылга барып чаап жүрөт.

Фермер айым акыркы 25 жылдан бери трактор, комбайн менен катар айыл чарбасына керектүү техникаларды айдайт. Өзүнүн айтымында, ооруп-жыйноо иштерине чыкпаса ооруп калат.

«Азыр Россиянын техникалары абдан сапаттуу жана бардык шарты менен чыгып жатат. Ушул акыркы үлгүдөгү комбайнды насыяга алдым. Айыл чарбасындагы эмгектеримди көрүп, мени баалаганы үчүн өкмөткө терең ыраазычылык билдирем. Комбайн, трактор айдап жатканыма сыймыктанам. Жазгы жана күзгү ооруп-жыйноого чыкпасам ооругансып калам. Ишимди көрө албагандар бар, бирок алар мени тескерисинче чыйралтат. Тарыхта аты калган социалисттик эмгектин баатырлары Зууракан Кайназарова, Өлмөсхан Атабековаларды үлгү тутуп келем. Менин да артымда жакшы кеп, жакшы тилек, ак эмгек жана узак тарых калсын деген ой-максаттарым бар. Эл үчүн тынбай эмгек кыла беребиз», - деди ал.

Жамила Тойчубекованын кесиби айыл чарбасы боюнча фермер, агроном. 25 жылдан бери айыл чарбасында жүрүп, өзү түптөгөн «Чынар» үрөн чарбасын жетектеп келет.

Жумгал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Талантбек Молдокеевдин айтымында, бул жылы район боюнча жалпы 4326 га жерге дан эгиндери эгилген.

«Азыркы учурда райондун Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Чаек айыл өкмөтүндө 6 комбайн иштеп жатат. Учурда фермер Жамила эженин жаңы комбайны, Көк-Ой айылында айыл өкмөттүн муниципалдык ишканасына алынган комбайн жана Кызыл-Жылдыз айылында Айбек Тултуковдун комбайны иштеп жатат. Азыр эгиндин чыкканы орто. Кээ бири 35-40 центнерден түшүм алып жатса, кээ бир дыйкандар 15-20 центнерден алып жатышат. Жалпы жонунан райондо 500-600 га жер чабылып калды. Комбайндын акысы: 1 га жерге 20 литр күйүүчү май жана 1400-1500 сомдон алып жатышат.

Жалпы райондо 8-9 миң га жер бар. Быйыл бизге жаз кеч келди. Азыр чөптүн бир боосу 120-130 сом, эң кымбаты 150 сомго чыгып жатат. Андан тышкары 2-3 айылда суу сактагычтар курулуп жатса, Таш-Дөбө айылында чоң суу сактагыч (БДР) курулууда. Ал курулса, 5-6 айылдын элин сугат суу менен камсыз кылат», - деди Молдокеев.

Дыйкан чарбанын мүчөсү Кубан Сейдакматов суу тартыштыгы курч экенин билдирди.

«Жамила эже менен сыймыктансак болот. Көпчүлүк эркек жасабаган, колунан келбеген ишти жасап, дан эгиндерибизди жаңы комбайн менен таза чаап берип жатат. Ага баарыбыз таң калабыз. Аял башы менен айыл чарба техникаларын башкарат. Жылдан жылга суу тартыш болууда. Ага карабай түшүм жакшы. Түшүм учурда 32 центнерден айланууда», - деди К.Сейдакматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×