Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 27.08.2019 12:27

Чаектеги тургундар карагай, кайыңдарды талкалап жаткандарга нааразы. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан дүкөндөрдүн алдына тигилген карагайлар, кайыңдар талкаланып жатат. Бул тууралуу айыл тургуну Асел Кадыркулова билдирди.

Анын айтымында, бул жерде жайгашкан дүкөндөр өздөрүнүн чегинен чыгып кетишкен. Алар эч уруксаты жок айыл өкмөттүн муниципалдык жерин темир тосмолор менен тосуп, аянтын кеңейтип алышкан.

«Уят деген болушу керек. Райондун борбору базардан айырмасы жок. Макул иштегиле, киреше тапкыла, байыгыла. Бирок тазалыкты да караш керек. Буга чейин дүкөнгө батпай жатабыз деп бери жакка чыгып, темир тосмолор менен кошумча бөлмө куруп алышты. Бирок айыл өкмөткө жер үчүн акы төлөштүбү? Жок, мыйзамсыз тосуп, курчап алышкан. Районго келген меймандар мыйыгынан күлүп, кээде кейип кетишет. Эми минтип дүкөндөрүнө батпай, акыры көчөгө чыгып алышты. Жолго тигилген карагай, кайыңдарды, көчөттөрдү өлтүрүп жатышат. Көзөмөлгө алган айыл өкмөт башчы же аким барбы?», - деди Кадыркулова.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов бул аймактар жакында иретке келтириле турганын билдирди. Райондук архитектура кызматкерлери чектен чыгып кеткен дүкөндөр архитектуранын талаптарына жооп бербей турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×