Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 27.08.2019 17:29

Айнура Тентиева Жумгалдагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болду

Turmush -  Тентиева Айнура Шеримбековна Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору жана райондун саламаттыкты сактоо боюнча координатору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Космосбек Чолпонбаев кол койгон.

Айнура Тентиева 1971-жылы 16-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. 1988-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин аяктаган.

Алгач Жумгал райондук борборлоштурулган ооруканасынын терапия бөлүмүндө дарыгер, поликлиникада участкалык терапевт болуп иштеген. 1997-жылдан 2001-жылга чейин дарыгер-спидолог, эндокринолог, өспүрүмдөр терапевти болуп келген. 2001-жылы өндүрүштүк муктаждык менен отоларинголог адистигине специализациядан өтүп, 2010-жылга чейин иштеген. 2010-жылдын 1-февралынан баштап Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары кызматына дайындалган.

Ал эмгегинин арты менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин, облустук, райондук бийликтердин ардак грамоталарын алды.

Буга чейинки директор пара менен кармалып, кызматтан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×