Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 28.08.2019 09:23 На русском

Жумгалда кулаган дүкөн аймактык оорукананын бейтаптарына тоскоолдук жаратууда

Turmush -  Жумгал райондук аймактык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жанында жайгашкан эски павильон кулап, айланасы таштандыга толду.

Адилет аттуу бейтаптын айтымында, бул жер көптөн бери ушундай абалда турат. Ал жайда киши өтүүчү өтмөк пайда болуп, бейтаптарга тоскоолдуктар жаратууда.

«Менин атым Адилет, учурда аймактык ооруканада дарыланып жүрөм. Бейтап катары ушул көрүнүштү бир нече ирет дарыгерлерге, медайымдарга айттым, бир ооз жетекчиликке айтып койгулачы дедим. Бирок эч кими көңүл бурушкан жок. Ал эски дүкөнгө «Зыңк» деп жазып коюшкан экен. Ал бир жакка кулап калган. Аны көргөн элдер деле күлүп, сүрөткө түшүп жатышат. Анын жанында жол пайда болуптур, ал жактан ооруканага кирген-чыккандар жол сала башташты. Бул жактагы бейтаптарга аябай тоскоолдук кылат экен, анан да айланасы таштандыга толуп кетти», - деди Адилет.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар бул дүкөн ооруканада иштеген кызматкерлердин бириники экенин жана жарым жылдан бер ушул жерде турганын айтышты.

Бул дооматтарга оорукананын башкы дарыгери Таалай Үркүнчиев кошулбайт.

«Эски дүкөн көптөн бери турат. Башында аны кран аркылуу унаага салабыз дешкен. Бирок кранга илинбей, кулап, сынып калган. Муну алдыртабыз, алган соң тешикти бүтөп жаптырам. Ал дүкөн кызматкерлерге тиешеси жок», - деди Үркүнчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×