Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 29.08.2019 21:04 На русском

«Башы кыпчылыптыр, тирүү эмес го ...»: Жумгалда көмүр жүктөгөн унаа оодарылып, айдоочу мерт кетти. Видео

Turmush -  Жумгал районунда жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочу мерт кетти. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 28-август күнү болжол менен саат 17:30 чамасында 1988-жылы туулган Бактыбек И. өзүнө тиешелүү «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен Жумгал районунун Дүңгүрөмө аймагындагы Как көмүр кесиминен көмүрдүн күлүн жүктөп келе жатканда башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, чыгыш тараптагы тоону сүзүп, сол капталы менен оодарылып кеткен. Айдоочу катуу алган жаракаттан улам ошол жерден каза болгон.

Аталган факт автоматташтырылган электрондук каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Маркумдун сөөгү Жумгал райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына алып келинген.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жансыз денеге кароо жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун сөөгү туугандарына берилди.

Бул видеону окуянын күбөлөрү тартып алышкан. Андан «Башы кыпчылыптыр, тирүү эмес го ...» деген жана башка сөздөрдү угууга болот.

Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр айтылган

Дүңгүрөмө аймагындагы Как көмүр кесими Кабак айыл өкмөтүнө карайт. Аталган аймакта 4 ишкана көмүр өндүрөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×