Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 30.08.2019 18:05 На русском

Кайыш жана булгаарыдан ат жабдыктарын жасап, 60 миң сомго чейин баалаган Мирланбек. Видео

Turmush -  Мирланбек Адылбек уулу Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну. Ал акыркы 7 жылдан бери кайыш жана булгаарыдан ат жабдыктарын, дүрбү баштык, капчык жана мектеп окуучуларына сумка жасап келет.

Ат жабдыктарынан ээр чаап, куюшкан, басмайыл, жүгөн, тердик жана камчылардын түрүн жасайт. Үйүнө чакан устакана ачып алган Мирланбек Адылбек уулунун чоң атасы өтүк жасаган киши болгон.

«Мен акыркы 7 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Корголдой деген чоң атам өтүк тикчү экен. Мага бул өнөр чоң аталарымдан калса керек. Жашым 34 жашта. Билимим орто. Менин эмгектерим 400 сомдон, ат жабдыктары 8 миң сомдон жогору бааланат. Ээр чабуу иштери 15 күндөн 1 айга чейин созулат. Анын баасы 20-30 миң сом болот. Ал эми бир атка ат жабдыктарын толугу менен (куюшкан, басмайыл, жүгөн, камчы) жасасам, 50-60 миң сомго бааланат.

Ортончу кызым сүрөт тартат, мени менен устаканада жүрөт. Жасаган эмгектеримди базарга алып чыгам. Ээрди жасоо үчүн азыр көбүнчө терек колдонулат. Ээрди теректен чаап, жылкынын териси менен каптайбыз. Учурда мектеп окуучуларына сумка тигип жатам. Баары буйрутмага жараша жасалат», - деди ал.

Майрамбек Адылбек уулу үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×